...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

Майдан айыл аймагындагы Достук айылында жайгашкан Достук паркында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен паркты жаңылоо максатында асфальт жабындысы төшөлүп, жарыктандыруу жана тосмолор орнотулууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштер жергиликтүү тургундар үчүн эс алуу шарттарын жакшыртууга, парктын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган. Айрыкча жарыктандыруунун орнотулушу паркты кечкисин да пайдалуу жана коопсуз эс алуу жайына айлантууда.

Ошондой эле тосмолордун курулушу парктын тартибин сактоого жана тазалыгын камсыздоого өбөлгө түзөт. Бул демилге жаштар, балдар жана жалпы айыл эли үчүн заманбап жана ыңгайлуу коомдук мейкиндикти жаратууга багытталган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.