📍 Майдан айыл аймагы
📅 2025-жыл, май айы
Майдан айыл аймагында калктын муктаждыктарын эске алуу менен кызыл зонага кирген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана жарандардын турак жай маселесин чечүү максатында активдүү трансформациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Архитектуралык жана шаар куруу жөнүндө” мыйзамдары жана башка тиешелүү укуктук актыларга ылайык ишке ашырылып жатат. Трансформация процесси жергиликтүү бийлик органдары, тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта, ачык-айкын жүргүзүлүп жатат.
Негизги иштер төмөнкү багыттарда жүрүүдө:
- Кызыл зонадагы жерлердин так чектерин аныктоо жана топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Эксперттик корутундуларды алуу жана тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдугун камсыз кылуу;
- Жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүү, маалымат берүү жана пикир алышуу;
- Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча документтерди даярдоо жана бекитүү;
- Келечекте инфраструктураны өнүктүрүү (жарык, суу, жол ж.б.) боюнча пландарды иштеп чыгуу.
Бул процесс – жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана алардын мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу максатында жасалган маанилүү кадамдардын бири.
🟢 Биздин негизги максат – мыйзамдуу, ачык-айкын жана адилеттүү процессти камсыз кылуу!
📣 Урматтуу тургундар!
Эгерде сиздерде кошумча суроолор, сунуштар же кайрылуулар болсо, Майдан айыл өкмөтүнө же жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнө кайрылсаңыздар болот. Бардык иштер элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүүдө.