...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

1-май – Эл аралык эмгекчилер күнү Майдан айыл аймагында кеңири белгиленип, Кожо-Кайыр эс алуу жайында майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул күндү белгилөө айыл тургундары үчүн маанилүү салтка айланып, коомдук биримдиктин жана эмгекти даңазалоонун символу катары кабыл алынат.

Майрамдык иш-чарага айыл аймагынын шайыр апалары жана “Миң-Кыял” комуз ийриминин таланттуу комузчу кыздары өз өнөрлөрүн тартуулап, сахнада улуттук ыр-күүлөр жаңырып, элдин маанайын көтөрүштү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында спорттук мелдештер өткөрүлүп, айыл жаштары жана тургундары ар кандай оюндарда өз ара күч сынашты. Спорттук таймаштар достук, ынтымак жана биримдик маанайында өтүп, жалпы катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын соңунда мыкты катышуучуларга белектер тапшырылып, майрам кубанычтуу жана көӊүлдүү маанайда жыйынтыкталды.

Майдан айыл аймагындагы мындай маданий жана коомдук иш-чаралар жергиликтүү тургундардын ынтымагын чыңдоого жана салттуу баалуулуктарды урматтоого багытталган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.