2024-жылдын 20-мартында Майдан жана Айрыбаз айыл өкмөттөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы №370 Жарлыгы жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде бириктирилип, Майдан айыл өкмөтү болуп аталды.
Аймактык түзүлүшү
Майдан айыл өкмөтү эки зонага бөлүнөт:
- Жогорку зона: Ноокат жана Алай райондору менен чектешет. Бул аймакка төмөнкү 7 айыл кирет: Аустан, Кароол, Кереге-Таш, Пум, Майдан, Кара-Кыштак жана Кара-Жыгач.
- Ылдыйкы зона: 12 айылдан турат: Кара-Дөбө, Асфайрам, Сары-Алтын, Бак, Арпа-Сай, Пылдырак, Айрыбаз, Көк-Талаа, Достук, Маяк, Жаңы-Абад жана Акимбек.
Айыл өкмөтүнүн имараты: Айрыбаз айылында жайгашкан.
Статистика жана жер пайдалануу
- Калкы: 32,911 адам
- Кожолуктор: 6,613
- Жалпы аянты: 162,876 га
- Жайыт аянты: 34,645 га
- Айыл чарба кооперативи: 401 га
- Турак жайлар: 9,167
- Өнөр жай аянты: 661 га (4 ишкана)
- Токой фонду: 44,611 га (7)
- Суу фонду: 120 га (14)
- Жер запасы: 75,452 га (10)
Инфраструктура жана кызматтар
- Орто мектептер: 14
- Бала бакчалар: 9
- Кесиптик окуу жай: 1
- ФАПтар: 4
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер: 6
- Аптека: 6
- Тез жардам бөлүмдөрү: 2
- Маданият үйлөрү: 2
Жаратылыш кооз жерлери
Аймакта Кожо-Кайыр Ата зыярат кылуучу жайы, Бант суусу жана Эгин жай сыяктуу кооз табигый жайлар бар.
Өнөр жай жана көмүр кендери
Учурда 3 көмүр кени иштеп жатат: Беш-Арча, Кадамжай Майнинг, Уу-Таш ЖЧК. Жылына 1,500 тонна көмүр социалдык муктаж үй-бүлөлөргө акысыз берилет.