...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

Майдан айыл аймагында жайгашкан “Беш-Арча” жана “Кадамжай Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таркатуу иш-чарасы жүрүп жатат.

Бул кайрымдуулук демилгеси айыл тургундарынын кышкы жылуулук маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү жана коомдук жоопкерчиликти аткаруу максатында уюштурулууда.

Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, көмүр биринчи кезекте муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой жашоочуларга жеткирилип берилүүдө. Бул сыяктуу аракеттер коомдук ынтымакты жана социалдык колдоону чыңдоодо чоң мааниге ээ экени белгиленди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.