...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын У.Исаков көчөсүндө жол оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүп турушун камсыздоо, ошондой эле айыл ичиндеги инфраструктураны жакшыртуу максатында башталган.

Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, оңдоо иштерине атайын техника тартылып, жолдун сапатын жогорулатуу үчүн шагыл төшөлүүдө жана тегиздөө иштери аткарылууда. Жергиликтүү тургундар бул демилгени жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирүүдө.

Иш-аракеттер айыл аймагынын өнүгүүсүнө багытталган пландын негизинде улантылмакчы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.