...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттарга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Т.Арыков расмий түрдө депутаттык күбөлүктөрдү тапшырды.

Ошондой эле, айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо иштери өтүп, төрагалыкка үч талапкер көрсөтүлдү. Шайлоонун жыйынтыгы менен Юлдашов Анваржон Кулмаматович көпчүлүк добуш менен айылдык Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Бул маанилүү саясий окуя айылдык өз алдынчалуулукту чыңдоого жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин илгерилетүүгө багытталган кадамдардын бири катары бааланды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.