...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

2024-жылдын 20-мартында Майдан жана Айрыбаз айыл өкмөттөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы №370 Жарлыгы жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде бириктирилип, Майдан айыл өкмөтү болуп аталды.

Аймактык түзүлүшү

Майдан айыл өкмөтү эки зонага бөлүнөт:

  • Жогорку зона: Ноокат жана Алай райондору менен чектешет. Бул аймакка төмөнкү 7 айыл кирет: Аустан, Кароол, Кереге-Таш, Пум, Майдан, Кара-Кыштак жана Кара-Жыгач.
  • Ылдыйкы зона: 12 айылдан турат: Кара-Дөбө, Асфайрам, Сары-Алтын, Бак, Арпа-Сай, Пылдырак, Айрыбаз, Көк-Талаа, Достук, Маяк, Жаңы-Абад жана Акимбек.

Айыл өкмөтүнүн имараты: Айрыбаз айылында жайгашкан.

Статистика жана жер пайдалануу

  • Калкы: 32,911 адам
  • Кожолуктор: 6,613
  • Жалпы аянты: 162,876 га
  • Жайыт аянты: 34,645 га
  • Айыл чарба кооперативи: 401 га
  • Турак жайлар: 9,167
  • Өнөр жай аянты: 661 га (4 ишкана)
  • Токой фонду: 44,611 га (7)
  • Суу фонду: 120 га (14)
  • Жер запасы: 75,452 га (10)

Инфраструктура жана кызматтар

  • Орто мектептер: 14
  • Бала бакчалар: 9
  • Кесиптик окуу жай: 1
  • ФАПтар: 4
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер: 6
  • Аптека: 6
  • Тез жардам бөлүмдөрү: 2
  • Маданият үйлөрү: 2

Жаратылыш кооз жерлери

Аймакта Кожо-Кайыр Ата зыярат кылуучу жайы, Бант суусу жана Эгин жай сыяктуу кооз табигый жайлар бар.

Өнөр жай жана көмүр кендери

Учурда 3 көмүр кени иштеп жатат: Беш-Арча, Кадамжай Майнинг, Уу-Таш ЖЧК. Жылына 1,500 тонна көмүр социалдык муктаж үй-бүлөлөргө акысыз берилет.

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.