Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна,
Ведомстволор аралык жумушчу топтун 2025-жылдын 4-апрелиндеги №20-3577 сандуу протоколунун негизинде жана
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акимдин биринчи орун басары Б. Коргонбаевдин жетекчилиги астында 2025-жылдын 19-майында өткөрүлгөн жыйындын протоколуна ылайык:
2025-жылдын 1-июнунан тартып Майдан айыл аймагында жер мунапыс объектилерине (мыйзамдаштыруу иштерине) карата арыздарды кабыл алуу толук түрдө токтотулат.
Жарандардан көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин тиешелүү документтерин тапшырып, мыйзамдаштыруу иш-аракеттерин жүргүзүүнү өтүнөбүз.