...

.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Майдан айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

🚨 Майдан айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

📍 Майдан айыл аймагы📅 2025-жылдын июнь айы Майдан айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери:✅ Айыл өкмөт башчысынын орун басары К. Нурали уулу✅ Социалдык маселелер боюнча адистин жардамчысы А. Артыкова✅ МАЫӨ бөлүмүнүн милиция капитаны К. Ташбековкатышып, катталган үй-бүлөлөргө жеринде барышып, түшүндүрүү жана профилактикалык иш жүргүзүштү. […]

Достук айылындагы парк жаңыланууда

Майдан айыл аймагындагы Достук айылында жайгашкан Достук паркында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен паркты жаңылоо максатында асфальт жабындысы төшөлүп, жарыктандыруу жана тосмолор орнотулууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер жергиликтүү тургундар үчүн эс алуу шарттарын жакшыртууга, парктын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган. Айрыкча жарыктандыруунун орнотулушу паркты кечкисин да пайдалуу жана коопсуз эс алуу жайына айлантууда. […]

Майдан айыл аймагында сел коркунучунун алдын алуу иштери жүрүүдө

2025-жылдын май айында Майдан айыл аймагында табигый кырсыктардын алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта Кара-Жыгач жана Майдан айылдарында сел коркунучуна каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган айылдарда сел жүрүү коркунучу бар тилкелерде суу агымын токтотуп, коопсуз багытка буруу максатында габион торлору орнотулууда. Бул иштер калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана мүмкүн болуучу […]

Майдан айыл аймагында кызыл зонадагы жерлерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат.

📍 Майдан айыл аймагы📅 2025-жыл, май айы Майдан айыл аймагында калктын муктаждыктарын эске алуу менен кызыл зонага кирген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана жарандардын турак жай маселесин чечүү максатында активдүү трансформациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул демилге Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Архитектуралык жана шаар куруу жөнүндө” мыйзамдары жана башка тиешелүү укуктук актыларга ылайык ишке ашырылып жатат. Трансформация процесси […]

Майдан айыл аймагында Эмгекчилер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү

1-май – Эл аралык эмгекчилер күнү Майдан айыл аймагында кеңири белгиленип, Кожо-Кайыр эс алуу жайында майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул күндү белгилөө айыл тургундары үчүн маанилүү салтка айланып, коомдук биримдиктин жана эмгекти даңазалоонун символу катары кабыл алынат. Майрамдык иш-чарага айыл аймагынын шайыр апалары жана “Миң-Кыял” комуз ийриминин таланттуу комузчу кыздары өз өнөрлөрүн тартуулап, сахнада улуттук ыр-күүлөр […]

Сары-Алтын айылында агрохимиялык лаборатория ачылды

Майдан айыл аймагына караштуу Сары-Алтын айылында агрохимиялык лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү. Бул лаборатория айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жер семирткичтерди жана топурактын абалын иликтөө аркылуу дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жергиликтүү дыйкандарга агрономиялык кеңеш берүү, топурак жана суу анализдерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул иш-чара айыл чарба продукциясынын сапатын арттырып, фермерлерге илимий […]

Майдан айыл аймагында социалдык контракт алган жарандарга окуу өткөрүлүп, азык-түлүк жардамдары берилди

Майдан айыл аймагында БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында 2022-2023-жылдары социалдык контракт алган аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын окуулар өткөрүлдү. Окуу курсунун негизги максаты – жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана өз алдынча киреше табууга шарт түзүү болгон. Окуу ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга колдоо катары ар бирине 3 кап ун жана 15 литр өсүмдүк майы […]

“Беш-Арча” жана “Кадамжай Майнинг” ЖЧКлары тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таркатылууда

Майдан айыл аймагында жайгашкан “Беш-Арча” жана “Кадамжай Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таркатуу иш-чарасы жүрүп жатат. Бул кайрымдуулук демилгеси айыл тургундарынын кышкы жылуулук маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү жана коомдук жоопкерчиликти аткаруу максатында уюштурулууда. Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, көмүр биринчи кезекте муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз […]

Майдан айыл аймагында жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөр тапшырылып, айылдык Кеңештин төрагасы шайланды

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттарга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Т.Арыков расмий түрдө депутаттык күбөлүктөрдү тапшырды. Ошондой эле, айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо иштери өтүп, төрагалыкка үч талапкер көрсөтүлдү. Шайлоонун жыйынтыгы менен Юлдашов Анваржон Кулмаматович көпчүлүк добуш менен айылдык Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Бул маанилүү саясий […]

Көк-Талаа айылынын У.Исаков көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын У.Исаков көчөсүндө жол оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүп турушун камсыздоо, ошондой эле айыл ичиндеги инфраструктураны жакшыртуу максатында башталган. Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, оңдоо иштерине атайын техника тартылып, жолдун сапатын жогорулатуу үчүн шагыл төшөлүүдө жана тегиздөө иштери аткарылууда. Жергиликтүү тургундар бул демилгени жылуу кабыл […]

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.