1-октябрь — Улгайган адамдардын Эл аралык күнүн белгилөө максатында Майдан айыл аймагында «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» бир айлыгы уюштурулду. Бир айлыктын жүрүшүндө айыл аймагындагы жалгыз бой карыяларга, жардамга муктаж жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга даректер боюнча барып, моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу жана Майдан айыл өкмөтү тарабынан ардактуу карыяларга майрамдык белектер менен акчалай жардамдар тапшырылды