Айрыбаз айылынын Какыр жана Доочар участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу максатында Лаган каналына кошумча түтүк (куур) куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси аныкталды. Аталган түтүктү өткөрүү жана арык казуу иштерин жүргүзүү боюнча жер тилкелеринин ээлери менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, маселелер жеринде чечилди. Ошондой эле арык казуу иштерине жолтоо болгон көп жылдык тыт дарактарын кесип алып салуу маселеси жер ээлери менен макулдашылып, чечилди. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, Айрыбаз айылынын Какыр жана Доочар участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Лаган каналына кошумча түтүк (куур) куруу чечилди.