Майдан айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилди

WhatsApp Image 2026 11 02 at 14.18.16

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында жарандардын кайрылууларын өз убагында кароо, калк менен түз байланышты күчөтүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу уюштурулууда.

Бекитилген графикке ылайык, айыл аймагынын тургундары өздөрүнүн арыздары, сунуштары, даттануулары жана жеке маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине түздөн-түз кайрыла алышат.

Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары угулуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилет жана аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча зарыл чаралар көрүлөт.

Жарандарды кабыл алуу бекитилген графиктин негизинде Майдан айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жүргүзүлөт.

Дареги: Баткен облусу, Кадамжай району, Айрыбаз айылы, Айрыбаз көчөсү №40.

Майдан айыл өкмөтү жарандарды жетекчилик менен түз байланышууга жана өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча кайрылууга чакырат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.