Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында коомдук иштерге активдүү катышып, айылдын көркүн, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого салым кошкон жарандар жана жамааттар сыйланды.
Төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
- “Үлгүлүү айыл” – Кереге-Таш айылы
- “Үлгүлүү көчө” – Арпа-Сай айылы, Садовая-3 көчөсү
- “Үлгүлүү аксакал” – элдин биримдигине салым кошкон кадырлуу аксакал
- “Үлгүлүү үй-бүлө” – Кара-Дөбө айылынын тургуну Сатаркулов Канатбек Гулмаматовичтин үй-бүлөсү
Бардык сыйлык ээлерин куттуктайбыз! Бекем ден соолук, ийгилик жана береке каалайбыз!



