2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Арпа-Сай атындагы жалпы билим берүү мектебинде жалпы мектептик ата-энелер чогулушу уюштурулду. Чогулуш “Үй-бүлөлүк баалуулуктар” деген аталышта өтүп, ага ата-энелер, айылдык, аймактык жана райондук деңгээлдеги ар тармактын адистери, мектеп мугалимдери катышты.
Жыйынды мектеп директору Айматова Нузгүл ачып, өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер жана быйылкы окуу жылында аткарыла турган иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Артыкова Айнура бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси болгон миграция тууралуу токтолду.
МАБнүн ЖИИнүн инспектору Кадыров Марат зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалымат берип, ата-энелерди балдардын келечегине кайдыгер карабоого чакырды.




Кадамжай райондук эмгек, социалдык миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн инспектору Мадумаров Кубаныч окуучуларды жана ата-энелерди телефон шылуундарынан сак болууга жана убакытты туура пайдаланууга үндөдү.
Айыл имамы Асан Райымжанов “Эрте никеге туруунун кесепеттери” боюнча түшүндүрмө берип, тарбияны үйдөн баштап күчөтүүгө чакырды.
№25 ҮБДТнун медайымы Албекова Мавлюда ден соолукту сактоо, жеке гигиенаны кармануу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кеңештерин берди.
Мектептин социалдык педагогу Ташева Гүлдаана “Жаш өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүдө ата-эненин ролу” темасында баяндама жасап, ата-энелерди мектеп менен тыгыз байланышта болууга чакырды.
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бегалиева Элмира үй-бүлөлүк баалуулуктар, окуучулардын тартиби жана тазалыгы боюнча кошумча маалымат берди.