“Эне сүтү – табылгыс байлык” жыйынынын экинчи бөлүгү Кара-Жыгач айылында өттү

525931089 122170600442462129 4540587058502370953 n

Бүгүн Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылындагы маданият үйүндө “Эне сүтү — табылгыс байлык” аттуу маанилүү иш-чаранын экинчи бөлүгү өткөрүлдү. Жыйын баланын ден соолугунда эне сүтүнүн орду, туура эмизүүнүн пайдасы жана энелерге көрсөтүлүүчү колдоолор тууралуу кеңири маалымат берүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага медициналык кызматкерлер, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Аустан, Кароол, Майдан, Кереге-Таш, Пум айылдарынын тургундары, жаш энелер жана коомдук активисттер катышты. Катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, пайдалуу кеңештерди алышты.

Саламаттык сактоо адистери ымыркайды туура эмизүүнүн ыкмалары, эне сүтүнүн курамы жана анын иммундук системага тийгизген таасири тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Жыйындын башкы максаты — энелерге дем берүү, туура маалымат менен камсыз кылуу жана ымыркайлардын ден соолугу үчүн коом болуп биргеликте аракеттенүү.

Бул иш-чара Майдан айыл өкмөтү тарабынан толугу менен каржыланып, жыйындын соңунда катышкан энелерге ыраазычылык жана колдоо иретинде белектер тапшырылды.

Иш-чара эне менен баланын саламаттыгына кам көрүүнүн, коомдук колдоону күчөтүүнүн жана жаш энелерге маалыматтык жардам берүүнүн жаркын үлгүсү болду

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.