Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык, жарнамалардын, кулактандыруулардын, көрнөктөрдүн жана башка маалымдамалардын мамлекеттик тилде туура колдонулушун камсыз кылуу максатында Майдан айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Бул багытта:
- Айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия түзүлүп, мекеме-ишканаларда жана соода түйүндөрүндө текшерүүлөр жүргүзүлдү;
- Мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнактар, прейскуранттар жана кулактандыруулар боюнча эскертүүлөр берилди;
- Жергиликтүү ишкерлерге жана уюм жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин колдонулушун чыңдоого жана мыйзам талаптарын аткарууга багытталган.

