Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылында агрохимиялык лаборатория расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.
Лабораториянын негизги максаты — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сапаттуу кызмат көрсөтүү, жер кыртышынын абалын аныктоо, минералдык курамын талдоо жана жер семирткичтерди туура пайдалануу боюнча илимий негизделген сунуштарды берүү болуп саналат.
Бул демилге айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган.
Жаңы лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, адистер тарабынан кызмат көрсөтүлөт.
Майдан айыл өкмөтү мындан ары да айыл чарба тармагын колдоо жана өнүктүрүү багытындагы иштерди улантат.

