Майдан айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан жалпы билим берүү мекемесинде 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата айыл аймактагы кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке айыл аймактагы кыз-келиндерден түзүлгөн 7 команда катышып, өз ара күч сынашып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
🥇 1-орун – Айрыбаз айылы
Акчалай сыйлык: 7000 сом
🥈 2-орун – Кара-Жыгач айылы
Акчалай сыйлык: 5000 сом
🥉 3-орун – Майдан айылы
Акчалай сыйлык: 3000 сом
Мелдешке катышкан бардык командаларга грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, айыл аймактагы кыз-келиндердин ынтымагын бекемдөөгө, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошту.



