Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлыгын аткаруу максатында, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы аппарат кызматкерлери менен коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматта мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкын иш алып баруу, ошондой эле кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча талаптар талкууланды.

Ошондой эле кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, мамлекеттик кызматтын принциптерин сактоо жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантуу белгиленди.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.