Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду

WhatsApp Image 2026 06 09 at 16.01.49

1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Майдан айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, социалдык жактан колдоого муктаж балдар үчүн атайын майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында айыл аймагындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан, тоголок жетим жана жарым жетим 80 окуучу Кызыл-Кыя шаарындагы соода борборунда жайгашкан балдар ойноочу жайга барып, көңүлдүү эс алып келишти.

Балдарды коштоп жүрүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында социалдык педагогдор жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкерлери да катышышты.

Бул иш-чара балдардын маанайын көтөрүп, аларга майрамдык кубаныч тартуулоо, ошондой эле коомдун камкордугун жана колдоосун сезүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында өткөрүлдү.

Майдан айыл өкмөтү мындан ары да балдардын укуктарын коргоого, алардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана социалдык жактан колдоого багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.