«Өнүгүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Майдан аялдарынын суу демилгелери аркылуу климаттык туруктуулук» долбоору Баткен облусунун Майдан айылында суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, ирригациялык тармактарды модернизациялоо жана тамчылатып сугаруу тутумдарын киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатууну көздөйт. Иш-чаралар аялдардын потенциалын жогорулатууга жана алардын коомдук иштерге катышуусун активдештирүүгө багытталган. Долбоордун уюштуруу иштерин жана жүрүшүн ADI коомдук фондду жана Майдан айылынын жашоочулары тарабынан ишке ашырылууда. Долбоорго ПРООН (БУУӨП) тарабынан жалпы 40 000 доллар бөлүнүп, анын ичинен 10 000 доллары тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүгө багытталган. Бул каражатка 4 аял киши өз чарбалары үчүн керектүү жабдууларды жана материалдарды алышууда. Ал эми каналды оңдоого керектелүүчү курулуш материалдары ПРООН жана айыл өкмөтү тарабынан сатып берилет. Жергиликтүү Айыл өкмөтү долбоорго өздүк салым катары арыкты казуу жана планировка (түздөө) жумуштарын толугу менен өзүнө алып, көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан 1 320 метр аралыкты жергиликтүү жашоочулар ашар ыкмасы менен куруп, бетондоп жатышат. Долбоордо көрсөтүлбөгөн башка чыгымдарды жашоочулар өздөрү кошумча салым катары кошушууда. Жабдыктар орнотулуп жаткан айылдагы лидер аялдардын чарбаларында сууну үнөмдөөчү заманбап тамчылатып сугаруу тутумдары ишке киргизилүүдө. Муну менен катар, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) жана Миграция кызматы биргеликте «Эмгек үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында жумушсуз жана аярлуу үй-бүлөлөрдөн турган 55 катышуучуга түз колдоо көрсөтүүдө. Анын алкагында ар бир адамга БУУ ДАТП тарабынан 6 кап ун (300 кг) жана 30 литр өсүмдүк майы, ал эми КРнын “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция” министрлиги тарабынан 1 800 сом акчалай көмөк берилет. ПРООНдун «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу жана тынчтык туруктуулугунун алдыңкы катарында” (БУУӨП/ПРООН)» долбоорунун алкагында 10 аялдан турган демилгелүү топ түзүлүп, алардын ичинен 6 аял киши ирригациялык арыкты бетондоо иштерин колго алса, 4 аял киши тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүнү тандап алышкан. Андан сырткары, дагы 15 аял кишинин суу ресурстарын башкаруу, агротехнологиялар жана сууну үнөмдөө багытында дараметин жогорулатуу максатында атайын окутуулар, тренингдер жана эксперттик консультациялар туруктуу негизде уюштурулуп келе жатат.

