Майдан айыл өкмөтүндө 2025-жылы бир катар айылдарда асфальт төшөө иштери аткарылды

574095006 122182997636462129 4514714568252801399 n (1)

2025-жылы Майдан айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы инфраструктураны өнүктүрүү багытында масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Анын алкагында бир катар айылдардын негизги жол тилкелерине асфальт төшөө иштери ийгиликтүү аткарылды.

Көк-Талаа айылында:

  • З. Кааров көчөсү (500 м) — 3 715 000 сом
  • Достук көчөсү (500 м) — 3 235 000 сом
  • Маяк көчөсү (500 м) — 2 609 000 сом

Айрыбаз айылында:

  • А. Мамасаидов көчөсү (500 м) — 2 609 000 сом
  • Исажанов көчөсү (500 м) — 2 698 000 сом
  • Адилов көчөсү (500 м) — 2 609 000 сом

Башка айылдар:

  • Арпа-Сай (500 м) — 2 680 000 сом
  • Кара-Дөбө (500 м) — 2 680 000 сом
  • Исамайрам (500 м) — 2 600 000 сом

Жалпы эсеп менен 9 көчөгө асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы кыйла жакшыртылды.

Бул иштер айыл тургундарынын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү максатында ишке ашырылды.

Асфальт төшөө иштери мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, тиешелүү подряддык уюмдардын катышуусунда аткарылды.

Майдан айыл өкмөтү мындан ары да айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жашоочулардын жашоо сапатын көтөрүү багытындагы иштерди улантат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.