Иш-чара Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы башчысынын — акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү.
Элдик жыйынга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатов, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл аймагынын тургундары активдүү катышты.



Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелер, жүргүзүлүп жаткан жана пландалган курулуш иштерине байланыштуу сунуштар талкууланып, аларды 2026-жылдын бюджетине киргизүү маселеси каралды.
Мындан сырткары, коомдук тартипти камсыз кылуу, коопсуздукту чыңдоо, калкты түйшүккө салган социалдык жана экономикалык маселелер кеңири талкууланды. Көтөрүлгөн суроолор боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору белгиленди.
Жарандар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар коюлду.