2026-жылдын 30-июнунда Майдан айыл өкмөтүндө «Бала ырысы» жөлөк пулун берүү тартиби боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын бөлүм башчысы Арапов Ажикул, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Нурали уулу жана соц адиси А.Артыкова катышып, «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу шарттары, керектүү документтер жана төлөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.