2025-жылдын 26-декабрында Айрыбаз айылындагы №33 лицейде ата-энелер жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы башчысынын орун басары Айтбаев Мирланбек Мусаевич, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нурали уулу Кудайберди, социалдык адистер Атыкова Айнура жана Бекназар кызы Айнура, аялдар кеңешинин төрайымы Шакирова Акмарал, ИДН кызматкери Кадыров Марат, мектеп жетекчилери жана ата-энелер катышты.
Жолугушууда балдардын тарбиясы, билим сапаты жана коопсуздугу боюнча маанилүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.
Мындай жолугушуулар Исфайрам айылындагы Ураим Ысаков атындагы мектепте жана №47 Абсамат Темирбаев атындагы орто мектепте да өткөрүлдү.

