Майдан айыл аймагында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 2024-жылы социалдык контракт алган жарандардын ичинен 4 күндүк окуудан өткөн 16 жаранга социалдык жардам катары 3 каптан ун жана ар бирине 15 литрден өсүмдүк майы таратылды.
Бул колдоо айыл тургундарынын жашоосуна чоң жардам болуп, күнүмдүк тиричилигин жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.
Эл аралык уюмга жана активдүү жарандарга ыраазычылык билдиребиз.



