Майдан айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алынды

533371935 122172942098462129 3600651636795267711 n

Майдан айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалынан кабар алуу, аларга көңүл буруу жана керектүү жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн социалдык адиси жана Кадамжай райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алынып, аларга белектер тапшырылды. Бул аракет өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдарга моралдык колдоо көрсөтүүгө, алардын жашоосуна жылуулук тартуулоого жана коомдо өз ордун табуусуна шарт түзүүгө багытталган.

Мындай демилгелер балдарга болгон камкордукту күчөтүп, коомдогу боорукерликти жана ынтымакты арттырууга өбөлгө түзөт.

Элибиздин кайдыгер эместиги, боорукердиги жана биримдиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.