Майдан айыл аймагында сел кырсыктарынын алдын алуу баюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Жол тилкелери грейдер техниканын жардамы менен тегизделип, сел агымдары өтүүчү каналдар жана суу жолдору тазалоодон өткөрүлдү. Ошондой эле калк арасында сел коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди.