2025-жылы Майдан айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы инфраструктураны өнүктүрүү багытында ири иштер жүргүзүлдү. Көк-Талаа, Доочар, Айрыбаз, Арпа-Сай, Кара-Дөбө жана Исамайрам айылдарындагы негизги жол тилкелерине асфальт төшөлдү.
Көк-Талаа айылында (3 көчө):
- З. Кааров көчөсү (500 м) – 3 715 000 сом
- Достук көчөсү (500 м) – 3 235 000 сом
- Маяк көчөсү (500 м) – 2 609 000 сом
Айрыбаз айылында (3 көчө):
- А. Мамасаидов көчөсү (500 м) – 2 609 000 сом
- Исажанов көчөсү (500 м) – 2 698 000 сом
- Адилов көчөсү (500 м) – 2 609 000 сом
Башка айылдарда:
- Арпа-Сай (500 м) – 2 680 000 сом
- Кара-Дөбө (500 м) – 2 680 000 сом
- Исамайрам (500 м) – 2 600 000 сом
Бул иштер тургундардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү максатында жүргүзүлдү.
Асфальт төшөө иштери мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, подряддык уюмдардын катышуусунда аткарылды.
Майдан айыл өкмөтү мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана жашоочулардын жашоо сапатын көтөрүү багытындагы иштерди улантат.


