Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

WhatsApp Image 2026 06 09 at 16.02.09

2026-жылдын 5-июнунда Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маяк, Көк-Талаа жана Айрыбаз айылдарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Майдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Нурали уулу, социалдык адистин жардамчысы А. Артыкова, айыл башчы Ж. Шамшиев, аялдар кеңешинин төрайымы А. Шакирова, аксакалдар сотунун төрагасы Ж. Абдирамитов жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын (ИДН) инспектору Ш. Шакиров катышышты.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жооптуу кызматкерлер жана коомдук өкүлдөр үймө-үй кыдырып, жарандар менен баарлашып, үй-бүлөдөгү ынтымакты сактоо, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, зордук-зомбулуктун кесепеттери жана анын алдын алуу боюнча кеңири маалыматтарды беришти.

Ошондой эле тургундарга үй-бүлөлүк чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн мааниси түшүндүрүлүп, мыйзам талаптары жана зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча профилактикалык маалыматтар жеткирилди.

Майдан айыл өкмөтү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.