Майдан айыл өкмөтүнүн ишеним телефону иштейт!

Maidan Ishenim Telefonu Banner

Урматтуу Майдан айыл аймагынын тургундары!

Майдан айыл өкмөтү жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу, ошондой эле калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы байланышты күчөтүү максатында ишеним телефондору аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдайт.

Айыл аймагынын тургундары жергиликтүү маанидеги маселелер, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, мыйзам бузуулар жана башка көйгөйлөр боюнча төмөнкү байланыш номерлерине кайрыла алышат.

Байланыш номерлери:

📞 Ишеним телефону: +996 226 262 892

💬 WhatsApp: +996 226 262 892

☎️ Уюлдук телефон: 03655 60212

Келип түшкөн кайрылуулар тиешелүү тартипте каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптор берилет.

Майдан айыл өкмөтү жарандарды активдүү байланышка чыгып, айыл аймагынын өнүгүшүнө өз салымын кошууга чакырат!

Сиздердин кайрылууңуздар жана сунуштарыңыздар биз үчүн маанилүү!

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.